Нефтетрейдерлер бирикмеси: Июнда күйүүчү майдын баасы литрине 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстандын нейтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май рыногунда баалар өсүшү мүмкүн деп божомолдоодо. Ассоциациянын маалыматына ылайык, июнь ичи күйүүчү май 1 литр үчүн 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн.

Ассоциация күйүүчү майды кымбаттатышы мүмкүн бир нече себепти атады:

  • Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмдары мунайзат өндүрүүнүн көлөмүн кезектеги ирет кыскартууну талкуулаганы турат, бул дүйнө боюнча нефттин кымбатташына алып келет;
  • батыш өлкөлөрү орус нефти үчүн эң жогорку бааны киргизгени мунайзат өндүрүүнүн көлөмүн азайтты. Бул мунайзат продукцияларынын өндүрүшүн азайтып, нефтти кайра иштетүүчү заводдордун өздүк бааларынын өсүшүнө алып келди;
  • Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген көпчүлүк нефтти кайра иштетүүчү заводдордо пландык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат;
  • Санкт-Петербургдагы товар биржада бензиндин биржалык баасы май айында тарыхый жогорку чекке жетип, бир тоннасы 61 700 рублду түзүп калды. Учурда Орусияда дефицитке жана ички рынокто баанын көтөрүлүп кетишине жол бербөө үчүн бензинди экспорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизе туруу маселеси каралып жатат;
  • Кыргызстандын күйүүчү май ташып келүүчүлөрү июнь айы мунайзат менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга кабылышууда.

«Бүгүнкү күндө маселе өздүк баада болгон жок, маселе ресурстун Кыргызстанга ташып келүү үчүн бар-же жогунда болуп турат», — деп билдиришти Ассоциациядан.

Бирок ассоциация нефтетрейдер компаниялар бааларды кымбаттатпай кармап туруу жана күтүүсүз өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууну көздөшөрүн кошумчалашты.

Кыргызстанда күйүүчү май орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салып, андан улам көптөгөн батыш өлкөлөрү Орусияга болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизе баштагандан кийин кымбаттай баштаган. Кыргызстан мунайзат продукцияларынын басымдуу бөлүгүн дал ушул өлкөдөн, Орусиядан ташып келет.