Укук коргоочулар: 15 жаштагы майыптыгы бар кызды бир жылдан бери сабап, зордуктап жүрүшкөн

«Теңдик» майыптыгы бар адамдардын биримдиги, «Бир-Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана эл аралык Equality now укук коргоо уюму зордуктоодон жабыркаган 15 жаштагы өспүрүм кыздын окуясын айтып беришти.

15 жаштагы Замиранын (аты өзгөртүлдү) окуясын укук коргоочулар зордуктоодон жапа чеккен майыптыгы бар кыздардын жана аялдардын көйгөйлөрү тууралуу отчётунда баяндашты.

Укук коргоочулардын айтымында, церебралдык шал оорусу бар өспүрүм кызды өзүнөн улуу киши уруп-сабап, апаңды, өзңдү кошуп өлтүрүп кетем деп коркутуп, бир жылдан бери зордуктап, сексуалдык катнашка мажбурлап келген. Кыз алгач 2021-жылы сексуалдык зомбулукка кабылып, акыркы окуя 2022-жылдын февралында болгон.

«Ал киши мурда соттолгон экен, бирок акыркы жолу соттолгондон кийин сыноо мөөнөтүн алуу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулуптур», — деп айтып беришти укук коргоочулар.

Кыздын зордукталганы тууралуу милицияга апасы кабар берген. Милиция «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 2022-жылдын мартында иш сотко ашкан.

«Соттук териштирүүнүн башында Замира бир нече кайчылаш дискриминацияга кабылган. Сот кыздын эне тили болгон орус тилинде көрсөтмө берүүгө тыюу салган, бирок Замира этникалык кыргыз болбогондуктан кыргыз тилиндеги юридикалык терминдерди жакшы түшүнбөйт», — деп белгилешти укук коргоочулар.

Ошондой эле отчётто иш боюнча сот отурумдары түрдүү себептер менен бир нече жолу жылдырылганы айтылат: күбөлөрдүн келбей коюшу, айыпталуучу тараптын жактоочусунун келбей коюушу, айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан сот залына алып келбей коюу, соттун алмашуусу, адвокаттын алмашуусу, прокурордун келбей коюшу.

Укук коргоочулар мындай оор кылмыштар эки айдын ичинде каралышы керек болсо да, соттор кыздын ишин эки айдан ашык артка жылдырышканын белгилешти.

«Бул убакыттын ичинде Замирага эч кандай жактоочу берилген эмес. Айыпталуучунун кызды арыздан баш тартууга мажбурлоо үчүн ага телефон чалып, WhatsApp аркылуу кат жазып коркутууга мүмкүнчүлүгү болгон», — деп айтылат отчётто.

Күч колдоноорун айтып коркутуу дагы кылмыш болуп эсептелет жана мыйзамда жабырлануучуну коргоо үчүн чаралар каралган. Бирок, жабырлонуучун коргоо жөнүндөгү токтомго карабастан, Замира коргоого алынган эмес.

Укук коргоочулар «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндөгү» мыйзам толук иштебей жатат, көпчүлүк жабырлануучулар бул тууралуу билбегендиктен жана квалификациялуу укуктук колдоонун жоктугунан улам, коргоону пайдаланышпайт, же укук коргоо органдары чара көрүшпөйт деп эсептешет.

«Эгер тергөө судьясы жабыркаган кыздын көрсөтмөлөрүн кабыл алганда, Замирага жашы жете элек жабырлануучу катары жардам берип, травманын кайталанышын алдын алса болот эле. Эмнеге муну жасашкан жок, түшүнүксүз», — деп нааразычылыгын билдиришти укук коргоочулар.

Алардын айтымында, 2022-жылдын июлунда Замира сот отурумдарынын айынан алы кетип, жан дүйнөсү да чарчап калган. Мындан улам ал сот отурумдарына баргысы келбей, апасынан жаңы арыз берүүнү суранган.

«Замира менен апасы прокурордун, соттолуучунун туугандарынын жана айыл тургундарынын басымына кабылып, кыздын апасы сотко барбай турганын билдирген. Сот мыйзамдуу өкүлү катышпаса жашы жете элек кыздын арызын кабыл алуудан баш тарткан, мындан улам иш улантылган эмес», — деп айтып беришти укук коргоочулар.

Уюмдун отчётуна ылайык, шектүү кыз 15теги кезинде зордуктап, уруп-согуп, анын апасын өлтүрүп кетерин айтып коркуткан, ошондуктан кылмыш иши «Зордуктоо» беренеси менен козголушу керек эле. Бирок, укук коргоочулар белгилегендей, иш башынан эле туура эмес козголгон, жана жабырлануучуга тиешелүү укуктук процедуралар аткарылбай, сот адилетүүлүгүнө жетүүгө тоскоолдук жаратышкан.

Укук коргоочулар майыптыгы бар кыздарга жана аялдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун канчалык таралганы, масштабы тууралуу толук маалымат чогулмайын коом аны сергек кабыл албайт жана калыс чечилбейт деп белгилешти.

Тема боюнча:  

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы

Укук коргоочулар: Майыптыгы бар кызды зордуктап, коркуткандардын иши жабылып калган