ИИМ: Чүйдө курсактагы баласын сатууга аракет кылган аял кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда курсактагы баласын 100 миң сом жана iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонго сатууну көздөгөн аял кармалды. Маалыматты 2-июнда облустук милициядан тастыкташты.

Билдирүүдө райондук милицияга төрөлө элек баласын сатууну аракет кылган аял тууралуу маалымат келип түшкөнү айтылат. Маалымат каттоого алынып, «балдарды сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Милиция тарабынан жаңы төрөлгөн баланы сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталган. Тактап айтканда, 2023-жылдын апрель айында 25 жаштагы жаран 8 ай кош бойлуу болуп туруп, кылмыш жолу менен материалдык пайда көрүү максатында 27 жаштагы жаран менен алдын ала сүйлөшүп, төрөгөндөн кийин ага накталай 100 000 сом, iPhone 12 Pro уюлдук телефон жана Орусияга учуп кетүүчү авиа билетке сатууну жана бала төрөлгөнгө чейин камкордукка алууну макулдашышкан», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми ымыркайды сатып алууну көздөгөн аял Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкери менен келишип, өзүнө кош бойлуулук тууралуу карта ачтырган. Жасалма картаны колдонуу менен аталган төрөтканада кыз төрөгөнүн жаздырып алган.

Милиция кызматкерлери кылмышка бөгөт коюп, эки шектүүнү жана төрөттү мыйзамсыз каттаган дарыгерди кармады.

Баланы төрөгөн аялдан iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефон далил катары алынып, тергөө уланууда.