Ырчы Нурчолпон полковник тарабынан ыдыкка кабылганын айтып чыкты. Аскер прокуратурасы териштирет

Аскер прокуратурасы ырчы Нурчолпон Улугбек кызынын Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдыкка кабылганы тууралуу билдирүүсүн териштирет. Бул тууралуу 5-июнда «Клоопко» Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Нурчолпон аскерлерге арналган иш-чарада полковник тарабынан ыдыкка кабылганын 31-майда айтып чыккан. Ал полковниктин кесиптештери да ага тийишүүгө аракет кылганын белгилеген.

«Мен армиянын Борбордук үйүндө музыкант болуп иштечүмүн. Ар кандай аскердик иш-чараларда концерт койчубуз. Алардын биринде бир полковник ыдык көрсөтүп, мени кармоого аракет кылып, күч колдонду. Ал полковник болгондуктан, бир дагы офицер же аскер аял мага болушкан жок. Музыканттар үчүн жооптуу болгон командирлерибиз да унчукпай карап турушту», — деген ал.

Нурчолпон иш-чарага катышкандардын арасынан кесиптеши, ырчы Ильяз Андаш гана жардам көрсөткөнүн белгилеген. Анын айтымында, иш чарадан соң башка ырчы айымдар да «мындай абалга кабылганын» айтып беришкен.

Ырчы окуя болгондон кийин милицияга «арыз жазганын» жана полковник андан кечирим сураганын кошумчалаган.

«Полковник кечирим сурап кутулуп кетти, мен болсо травмамды бир жарым жыл бою дарыладам. Жыйынтык: өзүңөргө жана нервиңерге кам көргүлө, бир да жумуш ден соолугубузга арзыбайт», — деген ал.

Ыдык көрсөтүү жана жаза

Харассмент же ыдык — адамдын жеке жашоосунун кол тийбестигин бузуп, ыңгайсыздык жаратып, ал тургай зыян алып келе турчу жүрүм-турум. Ага кармалоо, өөп, кучактап же апчып кеткен жагымсыз кыймыл-аракеттер кирет. Андан тышкары сөз менен кемсинтүү же коркутуу, жагымсыз эскертүүлөр же орой тамашалар да ыдык болуп эсептелет.

Кыргызстанда кыздар көчөдө, окууда же жумуш учурунда сексуалдык ыдыкка кабылышат. Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Көпчүлүк учурда жабырлануучулар милицияга кайрылышпайт, анткени коомдун жемесине калуудан чочушат. 

Ал эми мыйзамда сексуалдык ыдыктын өзүнө эч кандай жаза колдонулбайт. Юрист Фатима Якупбаеванын айтымында, эреже катары мындай учурда «Майда бейбаштык» беренеси колдонулат, анда айыпталуучу коомдук жумуштарга тартылып, айыпка жыгылып же 3-5 суткага чейин камакка алынат.

Мыйзамда зордук көрсөтүү же шантаж кылуу менен сексуалдык мүнөздөгү аркеттерге баруу үчүн жоопкерчилик каралган. Мындай учурда «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» же «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери колдонулат. Бирок муну «видео, аудио, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок далилдеп берүү өтө оор» дейт юрист. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Санымдан кармап, бетимден өптү». Айдоочулук курстарында ыдыкка кабылган кыздар

Төшөккө же өлүкканага. Мединституттун бүтүрүүчүлөрү окутуучулардан ыдык көргөнү тууралуу