«Тажрыйба алмашуу». «Ынтымак» фракциясынын депутаттары АКШга барууну пландап жатышат

«Ынтымак» парламенттик фракциясынын толук курамы АКШга барууну пландап жатат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги аталган фракциянын депутаты Балбак Түлөбаевге таянып жазып чыкты

Балбак Түлөбаевдин айтымында, эл өкүлдөрүн АКШнын Эл аралык демократиялык институту (NDI) «тажрыйба алмашуу үчүн» чакырып жатат.  

«Кудай буйруса, бардыгына виза берилсе, анда фракциянын 9 өкүлү тең барат. Азыр так убактысы билине элек, бирок июндун аягында баралы деп турабыз. Мен ойлойм, сапар үч-төрт күнгө созулат, биз мекендештер менен дагы жолугабыз», — деди депутат. 

Анын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары визага тапшырды. 

«NDI депутаттардын чыгымын мойнуна алмай болду, ал эми үй-бүлө мүчөлөрүн ар ким өзү каржылайт. Бала-чакамдын чыгымын жапканга акчам жетеби же жокпу билбейм. Визаны деле баарыбызга береби же жокпу, бул дагы суроо», — деди депутат. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардан жайкы каникулга чейинки айларды жемиштүү иштөөнү суранган, анткени «өлкөнүн келечегине таасир эте турган» маанилүү мыйзам долбоорлор бар жана депутаттар бул демигелерди каникулга чейин карап чыгуусу керек. Буга байланыштуу Шакиев баардык чет өлкөгө чыгууларга убактылуу чек киргизилет деп белгилеген.