Ысык-Ата: Убактылуу кармоочу жайдан качкан оор кылмышка шектүү кармалды

Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен 29 жаштагы Кушубек Сабыров кармалды. Бул тууралуу 7-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тургуну делген шектүү «Адам өлтүрүү», «Адам уурдоо», «Каракчылык» жана «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренелери менен айыпталып жаткан, мурда да соттолгон.

Убактылуу кармоочу жайдан качып кетип кармалган шектүү. Сүрөт: ИИМ

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап, Бишкек шаарынын аймагынан качып кетүүгө аракет кылып жатканда колго түшүрдү. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сабыров 5-июнга караган түнү убактылуу кармоочу жайдагы нөөмөтчүнү алгач алдап, андан соң мойнуна бычак такап коркутуп, качып кеткен. Ошол эле күнү ИИМ шектүүнү издөөгө алган. Бул боюнча «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» беренеси менен иш козголгон.

Эртеси күнү шектүүгө көмөктөшкөн делип эки милиция кызматкери кармалган. Алар Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдөн соң алардын аракетине мыйзамдуу баа берилери белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүүгө көмөктөшкөн делип эки милиционер кармалды