Убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүүгө көмөктөшкөн делип эки милиционер кармалды

Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен шектүүгө көмөк көрсөткөн делип эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу 6-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Алар кызмат абалынан пайдаланып “Адам өлтүрүү”, “Адамды уурдоо”, “Каракчылык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренси менен айыпталып жаткан кишинин белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшкөн», — деп белгилешти прокуратурадан.

Эки шектүү Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин ИИМ өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып жаткан, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тургуну делген шектүү изделип жатканын билдирген. Бул боюнча «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» беренеси менен иш козголгон. 

ИИМ аймактардагы милиция бөлүмдөрүнө жана чек арачыларга багыттама берип, шектүүнү көргөн-билгендер болсо милицияга кабар берүүнү өтүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Оор кылмышка шектелүүдө». ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качып чыккан адамды издөөдө