«Оор кылмышка шектелүүдө». ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качып чыккан адамды издөөдө

Ички иштер министрлиги 5-июнга караган түнү Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан 29 жаштагы Кушубек Сабыров атуу айыпталуучу качып кеткенин кабарлады. Учурда милиция кызматкерлери аны издеп жатат. 

Маалыматка ылайык, шектүү Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тругуну. Ал «Адам өлтүрүү», «Адамды уурдоо», «Каракчылык» жана «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренси менен айыпталып жаткан, мурда да соттолгон.

Издөөгө алынган Кушубек Сабыров. Сүрөт: ИИМ

«Шектүү ден-соолугу жакшы болбой жататканын айтып, сержанттан жардам сураган. Ал убактылуу кармоочу жайдан башка бөлмөгө алып киргенде Сабыров жүрөгү ооруганын айтып, дары берүүнү өтүнгөн. Милиционер дары алып келгенде, шектүү анын мойнуна бычак такап, жерге жыгып, колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк тыгып качып кеткен», — дешти ИИМден. 

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, кишен, ал эми имараттын сыртынан уюлдук телефон табышкан. Бул боюнча Ысык-Ата райондук милициясы «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» беренеси менен иш козгоду. 

Ички иштер министрлиги аймактардагы милиция бөлүмдөрүнө жана чек арачыларга багыттама берди. Ошондой эле ИИМ шектүүнү көргөн-билгендер болсо милицияга кабар берүүнү өтүндү.

Автору: Бурулсун Жумалиева