Кой-Таш окуясы: Курсан Асанов акталды

Бишкектин Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу 8-июнда соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылы Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алууга байланышкан иш боюнча сот Асановду күнөөсүз деп таап, анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан актады.

Бул иште ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жаткан болчу. 2019-жылдын 7-8-августунда Асанов «ички иштер министринин көрсөтмөлөрүн бир нече жолу аткарбай койгону» белгиленген. Андан тышкары, ал «өз алдынча чечим чыгарып, ички иштер органдарынын өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырганы» айтылган.

Ошондой эле бул иш боюнча Биринчи май райондук сот Асановдун айдоочусу Дамирбека Пайзылда уулун жана Асановдун өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековду дагы актады.

Курсан Асанов жактоочусу менен сотто. Сүрөт: 24.kg.

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш окуясы 2019-жылдын августунда болгон. Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясынан кармап келүү операциясынын жүрүшүндө анын тарапташтары милиция жана спецназ менен кагылышкан. Натыйжада спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Кой-Таш окуясынан кийин Асанов «ишенимден кеткендиги» жана «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы аныкталганына байланыштуу» ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан алынган.

Андан кийин Башкы прокуратура Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, кармаган.

Көп өтпөй Дамирбек Пайзылда уулу менен Турсунбек Бейшенбеков да кармалган.

Сот кылмыш жасалганы тууралуу атайын жалган маалымат берүү иши боюнча дагы өкүм чыгарып, Асанов менен Бейшенбековду күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жазасына тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен экөө тең жазадан кутулуп кетти.

Буга чейин мурдагы вице-премьер министр Жеңиш Разаков Курсан Асановду жана «Чындык» гезитинин башкы редактору болуп турган Турсунбек Бейшенбековду сотко берген. Анда газета Разаковдун Баткен ОИИБдин башчысына жазган түшүндүрмө катын жарыялаган. Ал каттан улам Разаков Тажикстандын тыңчысы деле баштаган.