Орусиялык активист Рожков аны Кыргызстандан УКМК чыгырып, ФСБга өткөрүп бергенин билдирди

Мурдараак Кыргызстандан Орусияга депортацияланган согушка каршы чыгып жүргөн орусиялык активист Алексей Рожков өлкөдөн кантип чыгарылганын айтып берди. Бул тууралуу «Зона солидарности» укук коргоочу уюмунан билдиришти

Алардын маалыматы боюнча, Рожковдун адвокаты Камил Исабеков активист кармалып жаткан Екатеринбургдун четиндеги Березовск шаарындагы убактылуу кармоочу жайга барган, ал жерден Рожков Кыргызстандан чыгарылып кетүүсүнүн жагдайын айтып берген. 

Рожков Кыргызстандан аны 5-6 опер кызматкери кармап, техникаларын алып, кийим-кечесин чогултуп дайындануусун айтышкан. 

«Шаша-буша [Кыргызстандын УКМКсына] бөлүмгө алып келишти. Коңшу бөлмөлөрдө кыйноого алынып жаткан адамдардын кыйкырыгы тынымсыз угулуп турду. Эгерде кызматташпасаң, кыйнайбыз деп коркутушту», — деп баяндаган ал адвокатына. 

Активист Кыргызстанда каттоо документтерин узарткан күндүн эртеси эле кармалганын кошумчалаган. Рожков аны кокустук деп эсептебейт. 

«Мен аларга каттоомду кантип жасатканымды айтып бердим, андан кийин эле аэропортко алып кетишти. [Учакта бараткан Рожковду Кыргызстандын атайын кызматынын жарандык кийимчен эки кызматкери коштоп барган.] [Орусияга] келген соң мени ФСБ [Федералдык коопсуздук кызматы] тосуп алды, башыма мүшөк кийгизип, шокер, кыскасы адаттагыдай эле [алып кетишти]», — деген Рожков адвокатына. 

Орусиядан Свердлов облусунун Березовск шаардык соту анын аскер комиссариатын өрттөө иши боюнча процессти жандандырган. Укук коргоочулардын айтымында, прокурор ишти кошумча тергөөгө кайтаруу өтүнүчүн келтирген. 

Рожков 2022-жылдын февралында орус армиясы Украинага масштабдуу  кол салгандан кийин нааразылыгын билдирип, Екатеринбургдун Березовск шаарындагы аскер комиссариатын өрттөп кеткен. Военкомат өрттөлгөндөн кийин Рожков кармалып, «киши өлтүрүүгө аракет кылган» деп айыпталган, себеби ал учурда имаратта бир аял болгон имиш.  

Бирок жарым жылдан кийин бул берене «мүлккө зыян келтирүү» деген беренеге өзгөртүлүп, Рожков ТИЗОдон бошотулган. Бийлик аскер комиссариаттарын өрттөө иштери «террордук акт» катары каралышы керек деп баштаган чакта Рожков Орусиядан чыгып кеткен.