«Росатом» Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу долбоорунун үстүндө иштеп жатат

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик компаниясы Кыргызстандын аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу долбоорунунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу 8-июнда «Росатомдун» директору Алексей Лихачев кыргыз өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров менен Сочиде өткөн жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда Жапаров менен Лихачев эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын жана өзөктүк медицинаны талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Росатом» Саламаттыкты сактоо тармагында энергетикалык эмес атомдук технологияларды колдонуу жөнүндө кызматташуунун өз ара түшүнүшүү меморандумуна дагы кол коюшту. Бул документ Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө багытталган.

«Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт», — деп билдиришти минкабдан.

Минкабдын басма сөз кызматынан жолугушуунун жүрүшүндө «уран казып алуу өнөр жайынан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программанын «ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына канааттануу» билдирилгенин кошумчалашты.

Ошол эле учурда, мурдараак Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары «Росатомдун» Кажы-Сай, Туюк-Суу жана Миң-Куштагы калдык сактоочу жайлардагы рекультивация ишине нааразычылык билдиришкен.

Алар 22-майда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев менен болгон жолугушууда «Росатом» уран калдыктарын герметикалык унаалар менен ташыбай, талаптар менен нормаларды бузуп жатканын айтышкан. Алар жумушчуларга атайын кийимдер берилбей, оор жүк ташуучу унаалардан улам жол чаңдап жатканын дагы кошумчалашкан.

Сыдыгалиев жергиликтүү тургундарды угуп, алардын маселесин чечсе болорун жана бул маселеге чекит коюу үчүн Миң-Куштун тургундары менен жолугарын билдирген.

«Росатомдун» долбоору

«Росатом» Кыргызстандын аймагында аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганын өлкөнүн Энергетика министрлиги 2022-жылдын ноябрында эле билдирген болчу.

Анда министрлик 22-ноябрда Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Росатомдун» өкүлү Андрей Рождествин долбоордун техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу жөнүндө документке кол коюшканын билдирген.

Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулушу мүмкүндүгү тууралуу биринчи жолу өткөн жылдын башында айтылган. Анда энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Кыргызстан «экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүүдөн четтеп калгысы келбесин» билдирген.

Ал эми Орусия тарап атомдук станция өлкөнүн «энергетикалык көз карандысыздыгына жетүүгө өбөлгө боло аларын» жана калктын турмуш сапатына таасир эте аларын белгилеген.