Энергетика министрлиги Кыргызстанда АЭС куруу боюнча «Росатом» менен кызматташат

Сүрөт: КРнын Энергетика министрлиги

Энергетика министрлиги менен Орусиядагы «Русатом Энерджи Проджект» акционердик коомунун («Росатом») АЭС куруу боюнча кызматташуусу жөнүндө документке кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган келишим 21-22-ноябрда Орусиянын Сочи шаарында өткөн эл аралык «АТОМЭКСПО-2022» форумунун алкагында түзүлдү.

«Макулдашуунун мааниси Энергетика министрлиги менен «Росатомдун» ортосунда Кыргызстандын аймагында чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган келишимге Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Росатомдун» өкүлү Андрей Рождествин кол койгону айтылды.

Кыргызстан менен «Росатом» ортосундагы меморандум

21-январда Кыргызстан менен Орусия кубаттуулугу чакан атомдук электр станция куруу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстандын аймагында РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында кубаттуулугу чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришкен.

Кубаттуулугу чакан АЭС куруудан тышкары, меморандум Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууну жана өзөктүк энергетика тармагындагы адистердин илимий-техникалык квалификациясын жогорулатууну камтыйт.

Анда Энергетика министрлиги кубаттуулугу чакан АЭС куруу боюнча чечим кабыл алына электигин, аны экспертизадан, текшерүүдөн жана бардык баскычтагы коомдук талкуулардан кийин гана кабыл алууга болорун айтышкан.

15-февралдагы басма сөз жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын АЭС курууну баштоого ниети бар экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын АЭС куруу ниети бар