Акылбек Жапаров: Кыргызстандын АЭС куруу ниети бар

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстанда атомдук электр станцияларын куруп баштоо ниети бар экенин айтты. Бул тууралуу ал 15-февралда басма сөз жыйында билдирди.

Акылбек Жапаров маалымат жыйыны учурунда. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

«Бул эми бир күндө эле курула турган нерсе эмес. Атомдук электр станциясынын курулуп бүтүшүнө 50 жылдан 100 жылга чейин цикл бар. Ошондуктан, биз кошуналардай аябай чоң кубаттуулуктагы реакторлорду курбасак дагы, кубаттуулугу аз реакторлорду куруу боюнча ниетке энергетика министри менен Росатом кол коюшту», — деди Жапаров.

Жапаров кыргыз инженерлери менен окумуштуулары «буга даярданып башташы керек» деп кошумчалады.

«Бүгүн болбосо эртең атомдук станциялар бүткүл дүйнөдө болот», — деп билдирди ал.

Кыргызстан менен «Росатом» ортосундагы меморандум

21-январда Кыргызстан менен Орусия кубаттуулугу чакан атомдук электр станция куруу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

«Меморандумдун алкагында […] тараптар Кыргызстандын аймагында РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында кубаттуулугу чакан атомдук электр страциясын куруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришет», — деп айтылган «Росатомдун» маалыматында.

Кубаттуулугу чакан АЭС куруудан тышкары, меморандум Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууну жана өзөктүк энергетика тармагындагы адистердин илимий-техникалык квалификациясын жогорулатууну камтыйт.

Анда Энергетика министрлигин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналисттине кубаттуулугу чакан АЭС куруу боюнча чечим кабыл алына электигин билдиришкен. Чечимди экспертизадан, текшерүүдөн жана бардык баскычтагы коомдук талкуулардан кийин гана кабыл алууга болот.

«Азыркы этапта кыргыз тарап орусиялык атомчулардын келечектеги перспективалуу иштеп чыгууларын изилдөөгө гана кызыктар экени айтылганын баса белгилейбиз», — деп түшүндүрүшкөн басма сөз кызматтан.

ТЕМА БОЮНЧА:Эгергетика министрлиги менен «Росатом» Кыргызстанда АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн караштырат