Жумгал: «Росатом» калдык сактоочу жайды талапты бузуп рекультивация кылып жатат

Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары Орусиянын «Росатом» мамлекеттик компаниясынын Кажы-Сай, Туюк-Суу жана Миң-Куштагы калдык сактоочу жайлардагы рекультивация ишине нааразы болуп жатат. Бул тууралуу алар 22-майда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев менен болгон жолугушууда билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, «Росатом» уран калдыктарын герметикалык унаалар менен ташыбай талаптар менен нормаларды бузуп жатат. Алар жумушчуларга атайын кийимдер берилбей, оор жүк ташуучу унаалардан улам жол чаңдап жатканын дагы кошумчалашты.

«Росатомдун» өкүлү Сергей Дерябин эгер жергиликтүү тургундар калдык сакталган жайлардын рекультивациясына каршы болсо, компания өз программасын ишке ашыруну токтотот деп жооп берди.

Дерябин акыркы чечимди жергиликтүү тургундар кабыл аларын, коңшу Тажикстанда дагы рекультивация иштери аяктап, бирок ал жакта эч ким каршы чыкпаганын мисал келтирди.

Анткен менен жолугушууга катышкан ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев рекультизация программасынан баш тартуудан мурда жакшылап ойлонуу керектигин, долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат алуу оңойго турбаганын айтты.

Сыдыгалиев жергиликтүү тургундарды угуп, алардын маселесин чечсе болорун жана бул маселеге чекит коюу үчүн Миң-Куштун тургундары менен жолугарын билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосундагы келишимге 2013-жылы эле кол коюлганын билдиришти.

Анда программанын аткаруучусу катары «Росатом» тандалган.