«Жөндөмдүү жана акылдуу». Ташиевдин тууганы делген жигит прокуратурага ишке орношту

«Клооп» УКМКнын төрагасынын мамлекеттик кызматта иштеген дагы бир тууганын тапты өңдөнөт. Камчыбек Ташиевдин иниси делген жигит үй-бүлөлүк «алтын уяда» — Жалал-Абад шаарында — прокурордун жардамчысы болуп иштейт. УКМК төрагасынын Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик кызматта, күч түзүмдөрүндө да иштеген туугандары бар экени буга чейин да аныкталган.

25 жаштагы Бакыт Казыбеков Жалал-Абад шаарында прокурордун жардамчысы болуп иштейт, ал эки жыл мурда Орусиянын Томск университетин аяктаган. «Клооп» анын соцтүйүндөгү барагын текшерди — жаш жигит Башкы прокуратуранын жана Камчыбек Ташиевдин постторун байма-бай бөлүшөт. Бул да бекеринен эмес: биз аныктаган бир катар дал келүүчү маалыматтар Казыбеков УКМКнын жетекчисинин иниси экенин көрсөтүп турат.

Бакыт Казыбеков. Сүрөт соцтүйүндөгү барагынан алынды.

Муну кантип аныктадык?

Бакыт Казыбеков соцтүйүндөгү барагында 2017-2021-жылдары Томск мамлекеттик университетинде билим алганын көрсөткөн. Университеттин сайтында Бакытбек Казыбеков тууралуу бир да сөз жок, бирок 2016-жылы Бакытбек Ташиевди 1-курска кабыл алуу боюнча ректордун колу коюлган документ бар. Ал 2021-жылы университетти бүтүрүшү керек эле.

Университеттин документинде фамилиядан тышкары абитуриент Ташиевдин туулган күнү да көрсөтүлгөн — ал Кыргызстандын салык кызматынын базасындагы Казыбековдун маалыматтары менен дал келет. Казыбеков Сузак районундагы салык кызматында каттоодо турат. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Сузактык.

Мындан тышкары, Бакыт Казыбековдун соцтүйүнүндө телефон номери да көрсөтүлгөн. GetContact тиркемесиндеги маалыматка ылайык, анын номерин «Жалал-Абад шаардык прокурордун жардамчысы», «Бакыт Ташиев», «Бакыт Казыбеков» деп сакташкан.

Социалдык тармактарда Бакытбектин досторунун арасында Камчыбек Ташиев, Шаирбек Ташиев, Ташиевдердин башка туугандары жана жакын санаалаштары, ошондой эле прокуратуранын кызматкерлери бар.

Ошондой эле биз Бакыт Казыбеков, анын атасы делген Казыбек Ташиев — УКМКнын төрагасынын бир тууганы — ошондой эле Казыбек Ташиевдин экинчи уулу Айкөл Кыдыршаев Жалал-Абаддагы шайлоо участогунун биринде каттоодо турарын аныктадык.

Прокуратуранын кызматкерлери телефон аркылуу «Клооптун» журналистине Бакыт Казыбеков Жалал-Абад шаарынын прокурорунун жардамчысы болуп иштээрин тастыкташты. Алардын айтымында, ал буга чейин Токтогул районунда ушундай эле кызматты аркалаган.

Курманбек Бакиев, анын тушунда Ташиев ӨКМдин жетекчиси болгон,  мамлекеттик кызматтагы жакындары тууралуу: «Алардын баары жөндөмдүү, акылдуу болгонуна мен күнөөлүүмүнбү? Эмне, эми алар иштебей отурушу керекпи?» деген дешет. Ташиев бийликке келгенден кийин негизги кызматтарды аркалай баштаган анын жакындары тууралуу журналисттер буга чейин бир нече жолу айтышкан:

  • жээни Байгазы Матисаков «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасын жетектеп, кирешелүү кызматты ээлеген;
  • жээни Замирбек Кожомуратов санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган;
  • өкүл уулу Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун губернатору болду;
  • күйөө баласы Тагайбек Казакбаев — «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • жээни Нургазы Матисаков — Өзгөн районунун прокурору;
  • күйөө баласы Азамат Дыйканбаев — расмий түрдө УКМКда иштейби же жокпу белгисиз, бирок Ташиевди коштоп жүрөт.