Бир кадр менен: Ленин районунда жаңы эс алуучу аянтча ачылды

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишине жаңы эс алуучу жана спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу 11-июнда мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ленин районундагы жаңы эс алуучу аянтча. Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы.

Эс алуучу жай волейбол, баскетбол анттары, балдар ойноочу жер, воркаут зонасы, шахмат столу жана спектакль үчүн аянт менен жабдылды. Ошондой эле ал жерге ирригациялык система жана жарыктар орнотулуп, бак-дарактар тигилди. Эс алуучу жайдын жалпы аянты бир гектарга чукул.

Аянттын ачылышына шаар тургундары, шаардык кеңештин депутаттары, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев жана капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

«Коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянттын ачылышы менен куттуктап, аянтча, ал жердеги жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.