Тува сулуулары жана бурят байлары. Соцтармакта көз карандысыз ЖМКны каралаган фейк-аккаунттар

Бийликтин Кыргызстанды ачык цензурага алып келе турган ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алуу аракетинин шартында соцтүйүндө фейктер кайрадан жанданып, өлкөнүн түбүнө жете турган — көз карандысыз журналисттер деген коомдук пикирди калыптандырууга шымалана киришти. «Клооп» бул көрүнүштү Kaktus Media басылмасынын директору Дина Масловага фейк-аккаунттардын чабуулунун мисалында анализдеп көрдү.

2022-жылы күзүндө президенттин Администрациясы ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды коомдук талкууга чыгаргандан кийин дароо элефейк аккаунттар соцтүйүндөрдө көз карандысыз редакцияларга чабуул кое баштаган. Ппубликациялар менен комментарийлердин жалпы мүнөзү — «бузуку» жана «жабылсын» [деген сөздөр колдонулган]:

«Кактус жабылсын»;
«бузуку сайттар жабылсын»;
«Кактус/Азаттык жапкыла» жана башкалар.

Фейктердин журналисттерге чабуулу — жөн эле тажатма түйшүк эмес. Мисалы, Юстиция министрлиги «Азаттык» сайтын бөгөтөйт дегендин алдында редакция анын жабылышын талап кылган (кийинчерээк бул талаптар канааттандырылган) жасалма фейк-аккаунттардын басымына кабылган.

Фейк «террор» азыр да уланып жатат, ал эми буга журналисттердин кайсы гана болбосун ыңгайлуу публикациясы формалдуу жүйө болуп калышы мүмкүн.

«Клооп» бул көрүнүштү 2023-жылы апрелдин аягы жана май айынын башында Kaktus Media басылмасынын башчысы Дина Масловага фейк-аккаунттар жасаган чабуулдун мисалында анализдеп көрдү.

Буга эки себеп болгон: соттун «Азаттык» басылмасын жабуу боюнча чечими (фейк аккаунттардын колдонуучулары «Кактустун» дагы жабылышын талап кыла башташкан) жана «Кактустун» сайтында Түркияда итти зордуктоого шектелген кыргызстандыктын кармалганы тууралуу чыгарган жаңылыгы.

 «Клооп»мониторинг жүргүзүүчу Youscan программасынын жардамы менен «Дина Маслова» жана «Кактус Медиа жабылсын» деген негизги сөздөрдү колдонуп, ушундай талаптагы пост, бөлүшүү жана комментарийлердин базасын чогултту. 10 күндүн ичинде биз фейсбукта 2000ден ашык ушундай комментарий, пост жана бөлүшүүлөрдү таптык.

Активдүүлүгү боюнча лидер — Kamila Sheikh деген атты пайдаланган, анонимдүү, жабык, башкы бетке кеменин сүрөтүн коюп алган аккаунт. Бул аккаунт бөтөн кишилердин сүрөттөрүн коюп алган башка анонимдүү аккаунттардын постторуна комментарийди көп жазат. 

 Бул аккаунт ар кайсы посттордун алдына Масловага арналган оп-окшош он (!) комментарий калтырган. Анда төмөнкүдөй жазылган (комментарийдин орфография жана пунктуациясы сакталды): «башкы редактор Дина Маслова — этникалык тажик, ал бардык публикацияларында кыргыздарды жек көрөт, өзү твиттерге тажик экенин жазган!⛔️⛔️⛔️ ошол тажикти ошол жерге отургузуп, жаап салбай редакциясын келесо бийлик».

Активдүү фейк аккаунттардын кийинкиси — Yasmin Kudratulla — дагы бир анонимдүү колдонуучу Алга Кыргызстандын (президенттин берилген күйөрманы) посттун 14 жолу бөлүшкөн. Ал посттордо «Кактусту» жабуу, Дина Маслованы жоопко тартуу талабы болгон: «Кыргыз элин басмырлаган маалыматтарды тараткан Кактус медианын директору Дина Маслова жоопко тартылсын! Кактус Медиа жабылсын!»

Бул аккаунт дагы анонимдүү, өздүгүн тастыктоочу бир дагы маалымат жок. Ошондой болсо да, бул аккаунт негизинен президент Садыр Жапаровдун тарапташтарынын фейсбук тайпаларында активдүү экени байкалат.   

Буга чейин «Азаттыкты» жабууну талап кылган жана президентти мактаган публикациялар менен бөлүшкөн.

Руслан Акылбеков деген атты алып жүргөн профилдин дагы чыныгы колдонуучу экени күмөн туудурат: барагында болгону бир сүрөт бар — биз ал сүрөттү күлкүлүү сүрөттөрдүн (мемдер) сайтынан «казак кишилер» деген негизги сөздөр менен таптык. 

Постунда ал «Кактусту» басылма «улуттун кадыр-баркын түшүрүү» үчүн «Кыргызстандагы окуялардан жамандык издеп» жатат деп айыптаган. Ошондой эле «Кактусту» дагы «Азаттыктай» эле жаап салууга чакырган: «Бул албетте улутка карасантайлык деп атаса болот. Ушундай ээн баштарды жаап салса, “сөз эркиндигин чектеп атат” деп чыга каласыңар. Бул басылманы дагы “Азаттыкка” окшотуп жаап салыш керек».

Ага чейин «Руслан» профилинде президентти мактап, экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматованы сындап жазган. 

Данияр Ибрагимов деген аттагы дагы бир активдүү колдонуучу якутиялык саясатчы Николай Фоминдин сүрөтүн пайдаланган. Бул аккаунт дагы Руслан Акылбеков деген барак жазган текстти тараткан. 

Азат Азаматович деген атты пайдаланган аккаунт постторду орус тилинде жазган — «матраимовдун фейктеринин» убагынан бери бул сейрек көрүнүш болуп калган болчу. Профиль анонимдүү жана фейк экени көрүнүп эле турат — башкы бетте Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы «Снежный барс» компьютердик супермаркеттер тармагынын башкы директору Виталий Раднаевдин сүрөтү турат

Бул аккаунт Фейсбуктагы беш жаңылык тайпасына «Кактусту» «улутту жек көрөт» деп айыптаган пост жазган: «Тажик басылмалары “Кактус Медианын” “Түркияда Кыргызстандын жараны итти зордуктады” деген материалын жарыялап шылдыңдап жатышат. Муну, албетте, улутту жек көрүү деп атаса болот. Эгер мындай ээн баштарды жапсаңар “сөз эркиндигин чектеп жатасыңар” деп күнөөлөшөт. Бул басылманы дагы “Азаттыктай” эле жаап салыш керек».

Жаныш Калысбеков деген кийинки аккаунт алгач Дамира Майлиева деген ат менен «Вконтакте» соцтүйүнүндөгү «Татынакай тувалыктар» деген тайпадан көчүрүлгөн сүрөттү пайдаланып жүргөн. Кийинчерээк ал жогоруда айтылган «Руслан Акылбеков» пайдаланган мемдер сайтынан сүрөт жүктөп, профилинин атын эркек кишинин атына алмаштырган. Маалыматтар базасында профилге шилтеме жана биринчи колдонулган ысмы сакталып калгандыктан муну аныктай алдык.   

Бул аккаунт Дамира Майлиева деген атты пайдаланып жүргөн кезде эле «Кактустун» кызматкерлерине манипуляциялык суроолор жана алар «Кыргызстандын аброюн түшүрүп жатат» деген айыптоолор менен кайрылуу жазган: «"Турцияда бир кыргыз итти зордуктаптыр" деп “Кактус” сайты жазып, аны абдан таратып жатат. Мындай маалыматтын эмне кереги бар? Сайттын жетекчиси Дина Маслова, публикациянын автору Бөрүбек Кудаяров Кыргызстандын аброюн түшүрүп, эмне пайда табасынар? Силерде мекенчилдик сезим барбы?!»

Ушул эле аккаунттар мурдараак ушундай эле мүнөздө «Азаттыкты» сындап, аны жабууну талап кылышкан.

Фейктер — бийликтин зарыл учурда таянары

Кыргызстанда фейк аккаунттар 2019-жылы коомдук пикирди көзөмөлдөөнүн маанилүү жана көрүнүктүү куралы болуп калган. Анда Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткен бажыдагы коррупция тууралуу иликтөө жасаган көз карандысыз ЖМКны каралоо үчүн жүздөгөн фейк аккаунттар түзүлгөн. Журналисттердин иликтөөсүнүн негизги фигуранты бажы кызматынын төрагасынан мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон. 

Кийинчерээк бул аккаунттар 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Матраимовдор менен байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүүдө пайдаланылган. Анда «Клоопко» үч башка булак бул фейктер фабрикасына ошол кездеги эркин журналст Дайырбек Орунбековдун байланышы бар экенин билдирген. Учурда ал Президенттин администрациясынын басма сөз кызматын жетектейт. Орунбеков өзү фейк аккаунттар менен байланышы бар экенин четке каккан. 

2022-жылдын октябрында активист Атай Бейшенбек Орунбеков менен жеке катта жазышканын скриншотун жарыялаган. Орунбеков Бейшенбектин Өзбекстандын президентине жолдогон ачык катынын скриншотун жиберип, артынан мындай деп жазган: «[Анын, Бейшенбектин постторунун алдына] мисалы кыргыз-өзбектер мамилесин буза турган комментарийлерди жазып, камаш керек муну». «Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы», — деп сөзүн улаган Орунбеков. Кийинчерээк ал активист анын сөзүн контексттен бөлүп алып, бурмалап жатат деп билдирген.  

 Бир нече күндөн кийин Бейшенбек «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган. Учурда ал ТИЗОдо, анын ишине жашыруун деген гриф коюлган.