УКМК жаратылышты өнүктүрүү фондунун башчысын жемкорлукка шектеп кармады

УКМК Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схеманы аныктады.

Бул кылмышка фонддун жетекчиси шектелүүдө — ал 400 млн сомдон ашуун каражатты ар түрдүү уюмдарга жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп которгон.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Коопсуздук комитетинен коррупциялык системанын уюштуруучусу жана айрым уюмдардын кызыкчылыгын сүрөмөлөгөн башкы шектүү фонддун жетекчиси «К.Ж.Т» экенин белгилешти. Маалыматта 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражатын мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында, жаратылышты коргоо долбоорлоруна деген шылтоо менен ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегергени айтылат. Бирок иш жүзүндө акча жеке бизнести уюштурууга сарпталган.

Фонд иш алып барган үч жылдын ичинде «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун казынасынан түрдүү долбоорлор үчүн деп жалпы 976 миллион 800 миң сомго жакын каражат бөлүнгөн.

«Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги фонддун каражатынын сарпталышына тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Фонддун директору, башкы адис О.Э. жана фирмалардын биринин жетекчиси Х.Ш.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» мамлекеттик эмес каражаттын эсебинен түзүлгөн юридикалык тарап. Фонд социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүүчү жана башка коммерциялык эмес мүнөздөгү максаттарды ишке ашырат. Айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо жаатында аракеттенет.

Фонд 2019-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун алкагында түзүлгөн. Анда компания фонддун эсебине 57 миллион 400 миң доллар бир жолку төлөм которуп, кенди пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин жылына 3 млн 700 миң доллар которуп турууга милдеттендирилген. 2021-жылы «Центерра Голд» Кумтөр кени мындан ары компанияга тиешелүү эместигин жарыялаган.

Автор: Салия Хурова.