Министрлер кабинети быйыл жолдорду куруу жана оңдоого 6 млрд сомдон ашык каражат бөлдү

Министрлер кабинети 2023-жылы өлкөнүн жолдорун куруу жана оңдоого 6 млрд сомдон ашуун каражат бөлдү. Бул тууралуу 20-июнда Транспорт министрлигине жаңы техникаларды тапшыруу салтанатында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бийлик жол тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 669 даана атайын техника сатып алат.

20-июнда Транспорт министрлигине техникалардын биринчи 84 даанасы тапшырылды: самосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр, битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалар.

Техникалардын калган бөлүгүн министрликке жакын арада алып келинери белгиленди.

«Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт», — деп билдирди Төрөбаев.

Автору: Нуриза Уланбек кызы