Кыргызстан Орусиядан Ми-17 аскердик-транспорттук тик учагын сатып алды

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү Орусиянын «Рособоронэкспорт» мамлекеттик ишканасынан Ми-17 (Ми-17В-5) тик учагын сатып алды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-июнда тик учакты өткөрүп берүү салтанаты өттү. Ага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособоронэкспорттун» жана Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчылары менен өздүк курамы катышты.

«Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн алдында коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүлүктөрүн кыйла жогорулатат», — деди тик учакты тапшыруу салтанатында Бекболотов.

Ми-17В-5 аскердик-транспорттук тик учагы өздүк курамды, жүк жана курал жарактарды, куралдардын үлгүлөрүнүн жүк кабинасында же сырткы илмегинде ташууга, аба десанттарынын десанттык-тактикалык секирүүлөрүн жүргүзүүгө, чалгынчы-диверсиялык топторду түшүрүүгө, жеңил сооттолгон техникаларды, буталарды жана куралдуу күчтөрдү жок кылууга, ошондой эле жарадар болгондорду эвакуация кылууга жана ташууга багытталган. Ал өзүнө 26 адамды батырат, ал эми учуусунун эң көп узак аралыгы негизги күйүүчү май челектери менен 610 чакырымды түзөт.

Коргоо министрлигинен тик учак республикалык бюджеттин каражатына сатып алынганын белгилешти.

Кыргызстан Орусиядан Ми-17 тик учагын сатып ала турганы 2021-жылдын октябрынын аягында белгилүү болгон. Анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен «Рособоронэкспорттун» башчысы Александр Михеевдин ортосунда келишим жетишилген.

Кыргыз бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, эки жыл ичинде өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга 1 млрддан 1,5 млрд долларга чейин каражат сарпталган.

Кыргызстан 2021 жана 2022-жылы Тажикстан менен чек арада эки ири куралдуу кагылышуу болгондон көп өтпөй аскердик техникаларды сатып ала баштаган.

Буга чейин Кыргызстан Баткендин «абасын жабуу» үчүн Беларустан «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплексинин биринчи партиясын сатып алганы белгилүү болгон. Ошондой эле өлкө Түркиянын учкучсуз учуучу «Байрактар ТВ2», «Байрактар Акынжы», «Аксүнгүр» аппараттарын жана башка аскердик техникаларды сатып алган.