Баткен: 2021-жылы чек ара чырынан жабыркаган ишкерлердин насыялары жоюлду

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамга ылайык, ишкерлердин 15 миллион сом насыясы кечирилет. Мыйзамды министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылы 24-майда кабыл алынган.

Буга чейин, 2021-жылы 76 ишкерге 0,1% үстөгү менен жеңилдетилген насыя берилгени кабарланган.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылдын 14-17-сентябрында да кайталанып, атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Кыргызстандан 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.