Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Алмазбек Бейшеналиев. Сүрөт: 24.kg

Пара алууга шектелип кармалган мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү 24-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 27-июнда Биринчи Май райондук соту билдирди.

Бейшеналиев өткөн жылдын 18-октябрында үй камагына чыгарылган.

ИИМ былтыр 28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «110 миң АКШ доллар пара алып жатканда» кармалганын билдирген. Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп шектелүүдө.

Бейшеналиев өзү «күнөөсү жок экенин» айтып, «жакында баары ачыкка чыгат, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилген» деп белгилеген.

Кийинчерээк сот аны 28-ноябрга чейин камакка алган. Ал эми 3-октябрда Бейшеналиев кызматынан бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыкты

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду