ИИМ билим берүү министрин «ири өлчөмдө пара алууга» шектеп кармады

ИИМ 28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «110 миң АКШ доллар пара алып жатканда» кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп шектелүүдө. Милиция бул фактыны иликтеп жатат.

Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча толук маалымат берүүнү убадалады.

Билим берүү министринин кармалганы тууралуу маселени Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев көтөрүп чыкты. Ал Бейшеналиевдин кармалганын «элдин баары атайын уюштурулган» деп айтып жатканын белгиледи.

Акаев «музыка коштоп, бизнесменди, министрлерди кармаганды, ушундай шоуну качан токтотосуңар?» деп укук коргоо органдарына кайрылды.

«Билим берүү министри пара алган күндө дагы, мамлекеттик саясат, идеология болуш керек да. Пара талап кылып кармаган күндө дагы, шоу кылып музыканы коштоп чыгарбай эле, “пара талап кылдың, жумушуңан кет” десе, берет эле го. Жүз миңдеген мугалим колун түшүрүп отуруп калды. [...] Сокку урдук мугалимдерге. Министр пара алып жатса, алар кантип жаш жеткинчектерге, окуучуларга акыл айтат?» — деп суроо салды ал.

Алмазбек Бейшеналиев

Алмазбек Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун учурунда эки ирет билим берүү министри болуп дайындалган.

Алгачкы жолу ал бул кызматты 2020-жылдын 14-октябрынан баштап 2021-жылдын 5-майына чейин аркалаган. Көп өтпөй өлкө башчысы Бейшеналиевди Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы туруктуу өкүлү кылып дайындаган.

Ал эми экинчи жолу билим берүү министри болуп Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан тартып иштеп келет.

Бейшеналиев 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген. Ошондой эле, ал 2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде сабак берген.

Мындан сырткары, Бейшеналиев Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.

Тема боюнча:

Билим министри болуп Жон Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев дайындалды