Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Алмазбек Бейшеналиев

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 3-октябрда президенттик администрациядан билдиришти.

ИИМ тарабынан «пара алууга» шектелип кармалган Бейшеналиев 28-ноябрга чейин камакка алынган.

30-сентябрда сотко келе жатканда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «күнөөсү жок экенин» айткан. Ал «жакында баары ачыкка чыгат, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилген» деп белгилеген болчу.

ИИМ 28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «110 миң АКШ доллар пара алып жатканда» кармалганын билдирген. Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп шектелүүдө.

Алмазбек Бейшеналиев

Алмазбек Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун учурунда эки ирет билим берүү министри болуп дайындалган.

Алгачкы жолу ал бул кызматты 2020-жылдын 14-октябрынан баштап 2021-жылдын 5-майына чейин аркалаган. Көп өтпөй өлкө башчысы Бейшеналиевди Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы туруктуу өкүлү кылып дайындаган.

Ал эми экинчи жолу билим берүү министри болуп Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан тартып иштеп келген.

Бейшеналиев 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген. Ошондой эле, ал 2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде сабак берген.

Мындан сырткары, Бейшеналиев Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.

Тема боюнча:

Билим министри болуп Жон Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев дайындалды