Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыкты

Алмазбек Бейшеналиев

Пара алууга шектелип кармалган мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганы, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбаганы эске алынып, анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп белгилешти министрликтен.

Аталган маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.

Бейшеналиевдин кармалышы

ИИМ 28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «110 миң АКШ доллар пара алып жатканда» кармалганын билдирген. Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деп шектелүүдө.

30-сентябрда сотко келе жатканда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «күнөөсү жок экенин» айткан. Бейшеналиев «жакында баары ачыкка чыгат, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилген» деп белгилеген болчу.

Кийинчерээк сот аны 28-ноябрга чейин камакка алган. Ал эми 3-октябрда Бейшеналиев кызматынан бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду