Орусия: Мигранттардын массалык мушташынан кийин 10 киши кармалганы айтылды

Орусиянын Иркутск облусундагы Ковыктинск газ кенинде кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыккан массалык мушташтан кийин 10 киши камакка алынды. Бул тууралуу 28-июнда «Азаттык» басылмасы жазды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 23-июнда болгон мушташка 500дөн ашык адам катышкан.

Буга чейин Кыргызстандын беш жараны ар кандай оордуктагы жаракаттарды алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы маалым болгон. 

Учурда окуя боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ТИМ маселе Кыргызстан менен Орусиянын элчилигинин көзөмөлүндө экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ: Орусияда кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда мушташ чыкты