Ошто 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат

Ош облусунда 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу 27-июнда облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, минкабдын чечими менен Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу жерлер «айыл чарба багытынан» «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду.

Администрациядан логистикалык борбордун курулушу регионго инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берерин белгилешти. Ошондой бул долбоор жаңы ишканалардын ачылышына, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө пайда алып келет.

Анда кампа, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.