Активист Өндүрүш Токтонасыров аны күч менен алып кеткен милиционерлерге арызданат

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров аны ИИМге күч менен алып кеткен милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданат. Бул тууралуу анын жактоочусу Агзам Дүйшөналиев «Азаттыкка» 1-июлда билдирди.

Жактоочунун айтымында, милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чапкан. Ошондой эле укук коргоочулардын мындай аракети жазык-процессуалдык кодекске каршы келет.

«Алгач тергөөчү тарабынан чакыруу барагы берилиши керек. Эгерде чакыруу берилгенден кийин айыпталуучу келбесе ошондо гана күч менен алып кетиш керек болчу», — деди Дүйшөналиев.

Ал эми экинчи жолу суракка кирип чыккан активист жазган посттору боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын айтты. Ал 4-июлда дагы бир жолу суракка чакырылганын кошумчалады.

«Адилет министрлигинин алдында лингвистикалык экспертиза дайындашат экен. Алар Фейсбукта жазган материалдарым менен таанышып, талдап чыгышат экен. Булардын айтымында, мен постторумда элди улут аралык араздашууга, расалык бөлүнүүгө чакырыпмын. Бул — жомок. Мен дайыма олуттуу ой-пикиримди ачык айтам деди», — Токтонасыров.

Активистке «Расалык, улуттук аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Токтонасыровду 30-июнь күнү саат кечки 9дар чамасында белгисиз бирөөлөр Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү 01 KG 646 номурлуу ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаага салып кеткени кабарланган.

Бир катар укук коргоочулар ИИМге кайрылып, активистти тезинен табууну талап кылышкан. Окуя боюнча ошол эле күнү Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

Өндүрүш Токтонасыров — 65 жаштагы жарандык активист. Ал өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай тынч акцияларды өткөрүп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш иши козголду

«Кылмышка тете». Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» бөгөттөөгө каршы жалгыз пикетке чыкты

Путиндин келишине каршы акция өткөргүсү келген Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти