Путиндин келишине каршы акция өткөргүсү келген Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти

Өндүрүш Токтонасыров

8-декабрда Бишкекте милиция кызматкерлери активист Өндүрүш Токтонасыровду кармап кетишти. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, Токтонасыров «Орусиянын президентинин өлкөгө келишине каршы болуп, Киев көчөсүндө акция өткөргүсү келген».

«Ал жада калса ордуна туруп, плакатты ачууга деле үлгүрбөй калды. Милиция кызматкерлери алып кетишкен, алардын жанында УКМК кызматкерлери да болгон. Ошондон бери байланышка чыга элек», — деди Абдирасулова.

Биринчи Май райондук милициясынан «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Украинага кол салганына нааразычылык билдирип, бир нече ирет митинг өткөргөн.

Ноябрь айында орус ырчысы Филипп Киркоровдун концерти болуп жатканда Токтонасыров Кожомкул атындагы спорт сарайынын жанында наарызычылык акциясына чыккан.

Ага дейре ал эки активист менен бирге Маданият министрлигинин алдына Кремлди колдогон ырчылардын Кыргызстанга келишине каршы болуп, митинг уюштурушкан.

Митинг өткөрүүгө тыюу салуу

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус президенти Кыргызстанга келерин ноябрдын башында эле айткан. 4-декабрда ТАСС Песковго таянып, Путин Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн Бишкекке 5-11-декабрда келерин билдирген.

Буга чейин, 2-декабрда Биринчи май райондук соту борбор калаада Жаңы жылга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган. Эксперттер бул чектөөлөрдү Путиндин сапары менен байланыштырышууда.

Алсак, саясат таануучу Турат Акимов кыргыз бийлиги Арменияда ЖККУнун саммити учурундагыдай адамдардын тобу атайын же капыстан Путиндин сапарына каршы «жолго чыга калышпасын деп митингдерге чектөө койгон болушу мүмкүн» деп эсептейт.

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов да ушундай эле ойдо. Ал митингдерди чектөө тенденциясы көптөн бери эле байкалып жатканын, анын ар кандай себептери бар экенин айтат.

«Путин келип жаткан болсо, анда, албетте, бул да себеп», — дейт ал.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соттор март айында Орусиянын элчилигинин алдында жана Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салганда, бул чечим Конституцияга каршы келерин айтып чыккан.

Конституциясынын 39-беренеси ар бир адам тынч чогулуштарды өткөрүү укугуна ээ экенин кепилдейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул аптада Бишкекке учуп келет

«Путиндин пропагандисти». Активист Токтонасыров Киркоровдун концертине каршы акцияга чыкты

Өндүрүш Токтонасыров Путинди Украинадагы балдардын өлүмү үчүн жооп берүүнү талап кылды