Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш иши козголду

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго «расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан» пост жазууга айыпталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу активист өзү 1-июлда «Азаттык» басылмасына билдирди.

Активист 30-июнь түнкү саат 11:00гө чейин ИИМдин Тергөө кызматына сурак берген. Ошондой эле ал, тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков аны 1-июль күнү саат 11ге дагы суракка келүүгө чакырып коё бергенин айткан.

Токтонасыров телефонун тергөөчү «мүмкүн болгон далилдерди табуу» максатында алып койгонун белгилеген.

Тергөөчү Алмаз Эркинбековдун колу коюлган токтом

1-июлда ИИМден «Клоопко» активист «фейсук баракчасы аркылуу расалык, этностук, улуттук кастыкты козутууга багытталган материалдарды жарыялаганы үчүн» кылмыш иши козголгонун тастыкташты.

Активистти 30-июнь күнү саат кечки 9дар чамасында белгисиз бирөөлөр Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү 01 KG 646 номурлуу ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаага салып кеткени кабарланган.

Бир катар укук коргоочулар ИИМге кайрылып, активистти тезинен табууну талап кылышкан. Окуя боюнча ошол эле күнү Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

Өндүрүш Токтонасыров — 65 жаштагы жарандык активист. Ал өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай тынч акцияларды өткөрүп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кылмышка тете». Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» бөгөттөөгө каршы жалгыз пикетке чыкты

Путиндин келишине каршы акция өткөргүсү келген Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти

Активист Өндүрүш Токтонасыровго үч миң сом айып салынды