Бишкекте самсаларын чычкан аралаган кафе жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин Жал кичи районундагы «Рахат Лукум» кафесин убактылуу жапты. Буга чейин соцтүйүндө самсаларды чычкан аралап жүргөнү тартылган видео тараган. 

Департаменттин маалыматына ылайык, кафе тамак-аш жана коомдук тамактануунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде жабылды. Андан тышкары, мыйзам бузуу жөнүндөгү маалымат укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.