Эки тикток: Бишкектеги самсасын чычкан аралаган кафеде эми мышык пайда болду

Бишкектеги «Рахат Лукум» кафесинин текчесин эми чычкандын ордуна мышык аралап жүрөт. Видеону samat0vvv деген TikTok колдонуучусу жарыялады.  

«Тазалыкты жакшы карагыла», — деп чыгарган ал Тикток видеосун. 

@samat0vvv Тазалыкты жакшы карагыла🫶🏻💔#джал #нижнийджал ♬ оригинальный звук - samat0vvv


Буга чейин бишкектиктер ушул эле кафеде самсаларды чычкан аралап жүргөнүн аныкташкан.

@djhuty0 Вкусная и халяль самса👌🏼😋 #бишкек🇰🇬 #халал #Джал #кыргызстан #Самса #Viral #fypシ #explore #foryou #tiktok ♬ Судно (Борис Рижий) - Molchat Doma

Мындан улам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кафени убактылуу жапкан. Мындан тышкары, бул боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилген. 

Автору: Медина Шамшидинова