Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-июлда чукул маалымат жыйынын өткөрдү. «Клооптун» журналисттерине жыйында редакциянын иликтөөсү «төгүнгө чыгарылат» деп айтылган. Иликтөөдө Камбар-Ата-2 ГЭСтен 30 мегаватт электр энергиясы Бакиевдер менен байланышы бар «МБТ Строй» жеке фирмасына «саноочу борборду» камсыздоого деп, ар бир киловаты текейден арзан 50-60 тыйынга бериле турганы жөнүндө сөз болгон. Бирок министрликтин «төгүндөөсү» биздеги маалыматтарды толугу менен тастыктап койду.
Таалайбек Байгазиев сөзүн Камбар-Ата-2 ГЭСтин тарыхын жана ал кандай иштерин айтып берүүдөн баштап, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө өттү. Анын айткандарынын маани-маңызы «Клооп» өз иликтөөсүндө келтирген маалыматтар менен дал келип чыкты: ГЭСтин жалгыз генератору 120 мегаватт электр энергиясын чыгарат, бирок электр чубалгылары менен трансформаторлор болгону 90 мегаваттка ылайыкталган, ошондуктан аларды модернизациялоо керек. Министрдин орун басарынын айтымында, «МБТ Строй» фирмасы калган 30 мегаватты чыгаруу үчүн модернизацияга 1-1,5 млрд сом жумшайт. Акча көмөк чордондордун трансформаторлорун алмаштырууга, калың зымдарды тартууга жана электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн бекемдөөгө кетет.
Бул үчүн инвестор модернизациядан кийин чыгарылган 30 мегаваттка бир киловатын 60 тыйындын тегерегинде алып, болжолдуу 10 жыл (азырынча келишимге кол коюла элек) ээ болот. Бул, «Клооп» буга чейин иликтөөсүндө жазгандай, өлкө калкы чектөөсүз тарифке төлөгөндөн алты эсе арзан жана дагы майнинг үчүн деп коюлган бирдиктүү баадан дээрлик он эсе арзан — ал 5,04 сомду түзөт. Болбосо мамлекеттин электр энергиясында майнинг кылууга тыюу салынган.
Андай болсо министрдин орун басары эмнени төгүндөгүсү келип жатат деген «Клооптун» суроосуна Байгазиев маалымат жыйын «Клооп» жарыялаган маалыматты төгүндөө үчүн эмес, «тактоо киргизүү» үчүн өткөрүлүп жатат деп түшүндүрдү.
«Бир нерсени төгүндөп эмне кылмак элек. Биз болгону — түшүндүрүп беребиз. Ким эмне кааласа, ошону жаза берет. Биз түшүнүктүү болсун деп түшүндүрүп берип жатабыз. Биздиндин көздөгөнүбүз — ачык-айкындуулук жана ыкчамдык», — деди министрдин орун басары.
«Клооп» министрликтен энергетика менен эч байланышы жок, бир жыл мурда дүн-соода компаниясы катары негизделип, быйыл июнда кайра каттоодон өтүп, негизги иш багытын «маалыматтык технологиялар жана саноочу техникалар тармагындагы ишмердүүлүккө» алмаштырган «МБТ Строй» компаниясы менен эмне үчүн келишим түзүүнү пландап жатканына кызыкты. Ага Таалайбек Байгазиев Энергетика министрлигине инвестор компания качан катталганы, энергетика менен байланышы барбы-жокпу маанилүү эмес — эң башкысы, акчасы болсо болду деп жооп берди.
«Бизге [келген] кайрылуулар көп, инвесторлордон көптөгөн сунуштар түшөт. Биз азыр [юридикалык жактын] кечээби же мурда күнү катталганбы карабайбыз, анткени бизде азыр [каражат] нөл, эч нерсе жок. Бирок эми бир нерседен баштап, алдыга жылышыбыз керек да», — деди ал.
Дагы бир суроо майнинг тууралуу болду, себеби мамлекеттик ГЭСте майнинг ферма болобу деген суроо баарын кызыктырды. Бул боюнча Байгазиев министрлик ГЭСти реконструкциялоого каражатын салууга даяр кайсы гана компания болбосун иштешүүгө даяр деп билдирди. Мындан тышкары, министрдин орун басарынын айтымында, министрликке реконструкция кыла турган компания эмне иш кылары кылары маанилүү эмес, мейли ал Маалыматтарды иштетүү борбору же майнинг болсун. Жана алар үчүн электр энергиясынын баасы 60 тыйындын тегерегинде болот.
«Ал майнингби же дата-борборубу — бизге айырмасы канча. Бизге жакшысы — реконструкция жана бекип турган кубаттуулукту алуу. Эч нерсе өндүрбөй, сатпай отурганча биз бир нерсе өндүрүп, сатканыбыз жана реконструкция кылганыбыз жакшы да», — деди ал.
Ал эми эмне үчүн инвесторду тандоодо «МБТ Стройго» конкурссуз эле артыкчылык берилди деп сураган журналисттерге министрдин орун басары өкмөткө алардан башка өтүнмө түшкөн эмес деп жооп берди.
Журналисттер Байгазиевден ошол миллиард сом менен мамлекет өзү деле көмөкчордондор менен электр чубалгыларды модернизацияласа болбойт беле деп сураганда министрдин орун басары мамлекетте андай акча жок, энергетиктер кредит ала албайт, себеби тармак ансыз да насыяга баткан деп белгиледи.
Анткен менен журналисттерди айраң-таң калтырган дагы бир суроо жаралды:
Эгер Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи генераторун курууга чоң каражат салууну пландап атса, демек баары бир деле көмөкчордондор менен электр чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүулуктөрүн көбөйтүү талап кылынат да, анда эмнеге мунун баарын бир маселе топтомуна кошсо болбойт? Бул суроо так жоопсуз калды.
Ошондой эле «Клооп» энергетика министринин орун басарына Кыргызстанда 2019-жылдан бери Улуттук энергохолдингдин буйругу менен майниг фермаларга мамлекеттин электр энергиясын колдонууга тыюу салынганын эске салды. Ал эми Камбар-Ата-2 ГЭСи мамлекеттик электр станция болуп эсептелет.
Байгазиев буга Улуттук энергохолдингде кандайдыр бир ички буйрук бар, ал Камбар-Ата-2 ГЭСтеги бекилип турган кубаттуулук бошотулган учурда майнинг үчүн электр энергиясын сатып алууга уруксат берет деп жооп берди. Андан соң «Клооптун» жураналистти чиновниктен аталган документ жалпы таанышууга жарыяланганбы деп тактап сурады.
«Эмнеге жарыяламак эле? Ал биздин ички ишибиз», — деп жооп берди Байгазиев.
Дагы окуңуз: Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат