Бишкекте Садыр Жапаровдун тууганы «коррупцияга» шектелип кармалганы тастыкталды

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров «коррупцияга» шектелип кармалды. Маалыматты «Клоопко» президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

«Ал чынында эле президенттин аталаш тууганы. Адашпасам, коррупцияга шектелип жатат, иш бажы кызматына байланыштуу», — деди ал.  

Буга чейин 24.kg басылмасы президенттин 33 жаштагы тууганы Улан Жапаров кармалганын өздүк булактарына таянып жазган. Ал Садыр Жапаровдун аталаш агасы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин айтылган. 

Биринчи май райсотунан шектүү 26-июлга чейин камакка алынганын билдиришкен. Ишти ИИМ «Коррупция» беренеси менен иликтеп жатканы маалымдалган.

Эрбол Султанбаев «Клоопко» президенттин тууганынын кармалышы — «өлкөдөгү сот адилеттигинин көрсөткүчү» деп билдирди. 

«Бул ким болбосун — тууганчылыгына жана даражасына карабай— мыйзам бузса жоопко тартыларын тастыктайт», — дейт президенттин басма сөз катчысы.

Учурда ИИМ президенттин тууганынын кармалышы боюнча маалымат тарата элек.