УКМК: КУУнун Юридикалык коллежинин мугалими студенттен 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык коллежинин ага окутуучусу окуудан чыгарам деп коркутуп, биринчи курстун студентинен акча талап кылган. Бул тууралуу 6-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, мугалим 25 миң сомго студентти жайкы сессияга киргизип, жакшы баа алууга жардам берем деп убада кылган.

Окутуучу көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан жеринен укук коргоочу органдын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөө иштеринин алкагында башка жабырлануучулардын өздүгү такталууда.

Буга чейин, Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган №61 мектептин экс-директору Юрий Низовскийди эки берене боюнча актап, бир берене — пара алуу — боюнча 50 миң айып салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге пара алуу үчүн 50 миң сомдук айып салынд

Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери 4000 доллар пара берип жатканда кармалды

УКМК: Прокурордун улук жардамчысы 5 миң доллар пара алып жатканда кармалды