Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге пара алуу үчүн 50 миң сомдук айып салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган №61 мектептин экс-директору Юрий Низовскийди эки берене боюнча актап, бир берене боюнча 50 миң айып салды. Бул тууралуу «Клоопко» 3-июлда соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сот Низовскийди ата-энесинен бааларды оңдогону үчүн 10 миң сом алуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Директордун кармалышы

УКМК Юрий Низовскийди коррупцияга шектеп 2022-жылдын 9-августунда кармаган. Бирок Биринчи май райондук соту 10-август күнү эле аны үй камагына чыгарган.

УКМКнын маалыматы боюнча, анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк — жер тилкелери, коттеждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер — бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 млн сомго жакын акчаны түзгөн.

Мындан сырткары анын жеке кабинетинде, үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлгөн. Анда чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, мүлктөрүнүн документтери табылган.

Низовский №61 мектепте 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келген. Ал башчылык кылып кеткен окуу-жай өлкөдөгү эң күчтүү мектептердин бири болуп эсептелет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды