УКМК: Прокурордун улук жардамчысы 5 миң доллар пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук прокурорунун улук жардамчысы 5 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Абдубали Борбугулов өзү тергеп жаткан соттук иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин үстүбүздөгү жылы 19-апрелде Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалган. Милициянын улук лейтенанты алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотууну убадалап 5 миң АКШ долларын талап кылган.

Шектүүгө «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды