Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери 4000 доллар пара берип жатканда кармалды

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМКнын кызматкерине 4000 доллар пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу 13-майда «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү үстүбүздөгү жылы 11-майда «Пара берүү» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында коопсуздук комитетинин кызматкерине акчалай сыйлык берүүгө аракеттенген.

Буга чейин аталган кызматкердин ишмердигинен «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу, которуу жана калыбына келтирүү, чет өлкөлүк студенттерге жогорку билими тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү белгилери» аныкталган. Мындан улам тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында текшерүү жүрүп жаткан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМКнын кызматкерине акчалай сыйлык сунуштаганы белгилүү болду.

Андан сырткары кылмыш ишин токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору да болгон. Ал мурда козголгон чет элдик абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу жана андан ары билим алуусундагы мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш ишин токтотууга аракет кылган.

Учурда тергөө жүргүзүлүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас мамлекеттик университетинин ректору камакка алынды