Ким кабыл алса, ошол жокко чыгарышы керек — Ташиев «матчество» тууралуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө 18 жашка толгондор өз каалоосу менен апасынын атын алышына каршы. Бул тууралуу ал 8-июлда фейсбук барагына жазды.

Ташиев «эч кандай матчество деген болбойт, ким кабыл алса, ошол жокко чыгарышы керек» деп белгилеп, бул анын жарандык пикири экенин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстанда «матчествого» расмий түрдө уруксат берилгени кабарланган. Анда чечим акыркы болуп саналып, даттанууга жатпайт деп белгиленген.

Конституциялык соттун түшүндүрмөсүнө ылайык, жарандар 18 жашка толгондон кийин гана документине энесинин ысымын жаздыра алышат. Сот жарандар дал ушул куракта «турмушка объективдүү баа берип, өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик алуу жөндөмүнө ээ болот» деп эсептейт.

«Матчество» темасы коомдо кызуу талкуу жаратты — айрымдар буга макул десе, кээ бири каршы. Буга дейре муфтий Замир Ракиев «мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн» деп билдирген.

Капалованын иши

Алтын Капалова өспүрүм балдарынын күбөлүгүнө матчество катары өз ысымын жаздыруу укугу үчүн эки жылдан ашык күрөшүп келет. Ал балдарга төрөлгөндө эле матчество берүү укугу үчүн эл аралык сотко да кайрылмакчы.

Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын, күбөлүктөгү «атасынын аты» графасынын ордуна өз ысымын жаздырганы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен 2021-жылдан тартып соттошкон.

Мамлекеттик каттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен бирге жазуучудан алым өндүрүүнү да талап кылган. Ведомство Капалова балдарынын күбөлүгүнө өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген.

Жазуучунун иши бардык сот инстанцияларында каралган, бирок чечимдер анын пайдасына чыккан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атанын атыбы же эненин атыбы? Кыргызстандыктар арасындагы сурамжылоо