Алтын Капалова: Эми Кыргызстанда «матчествого» расмий түрдө уруксат берилди

Алтын Капалова. Сүрөт: Vlast.kg

Материал 17:45те жаңыланды

Конституциялык сот 18 жашка толгон балдардын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графанын ордуна энесинин атын жаздырууну жактаган чечим чыгарды. Бул тууралуу 2-июлда сотко бул маселе менен кайрылган жазуучу Алтын Капалова фейсбук барагында билдирди.

Маалыматка ылайык, сот министрлер кабинетине «теңчиликтин принциптерин бузууга жана гендердик белгилери боюнча басмырлоого тыюу салууга шарт түзүү» үчүн расмий документте энесинин атын (матчество) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү сунушун киргизди.

Өкүмдө аталган чечим бардык мамлекеттик органдарда — «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн милдеттүү жана өлкөнүн бүткүл аймагында аткарылууга тийиш» экени айтылат. Ошондой эле чечим акыркы болуп саналып, даттанууга жатпайт.

«Кандай болбосун мен муну жеңиш деп эсептейм. Аялдар балдары жаңы төрөлгөндө ысымын бере алышпайт, бирок бойго жеткен балдар энесинин атын ала алышат. Баарын бул жеңиши менен куттуктайм! Бул биринчи кезекте укук коргоочулар, юристтер Айнура Осмоналиеванын, Эльвира Тилек кызынын, Евгения Крапивинанын эмгеги. [...] Өлкө адилеттүүлүккө жана гендердик теңчиликке карай эбегейсиз кадам таштады деп эсептейм», — деп билдирди Капалова.

Аны менен катар Капалова Конституциялык соттун жашы жете элек балдарга энесинин ысымын жаздырууга тыюу салган чечими боюнча эл аралык сотко кайрыларын айтты.

Андан сырткары жазуучу сот отурумунда Жогорку Кеңештин, Президенттин аппаратынын, Юстиция министрлигинин жана Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү мамлекеттик органдын өкүлү эмес, «аялдарды жек көргөн» адам сыяктуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

Капалованын айтымында, алар микрофон аркылуу «анын укуктары тебеленбегенин, баарын өзү ойлоп чыгарып алганы тууралуу, ошондой эле кылымдар бою келе жаткан салттар бар экенин жана матчествого тыюуну сактап калыш керек» деп айтышкан. 

«А мен өлтүрүлгөн аялдардын бардык учурларын жана көйгөйлөрү менен жалгыз калып кеткен энелерди эстегенден башка эч нерсе кыла алган жокмун. [...] [Президенттик аппараттын өкүлү] “бул аял жеке таарынычынан, төлөнбөгөн алиментинен улам матчествону каалап жатат” деп айтканга чейин барды. Мен мындай тар жана келесоо пикирге эч кандай маани бербейм. Анын микрофонго сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болгону гана өкүнүчтүү», — деди жазуучу.

Ал эми Конституциялык сот кыргызстандыктар «матчествого» 18 жашка толгондон кийин гана өтө алышат деп түшүндүрдү. Капалова соттон бала төрөлгөндөн кийин дароо «матчествону» колдонууга уруксат берүүнү суранган. Бирок Конституциялык сот «салттуу коомдо балдар кемсинттүү жана кодулоого кабылышы мүмкүн» деген жүйөө менен баш тарткан.

Капалованын иши

Алтын Капалова балдарын жалгыз тарбиялап келет, биологиялык аталары көмөктөшпөйт. Алар алимент төлөшкөн эмес жана балдарды тарбиялоого аралашпайт.

Ал үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошкон.

Мамкаттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген. Тагыраагы, балдарды төрөп, аларга тарбия берген эненин эмес, эркек туугандын гана атын колдонууга болот.

Матчество жокко чыгарылгандан кийин Капалова фейсбуктагы барагына «патриархалдык мамлекет документке эненин атын киргизүү аракетин кылмышка теңеп», конституциялык укуктарын бузганы тууралуу пост жазган.

Алтын Капалованын балдарына фамилиянын ордуна өз ысымын бергенине байланыштуу иш 2021-жылдын августунда башталган. Анда борбор калаанын Октябрь райондук соту жазуучунун балдарынын отчествосун матчествого алмаштыруу боюнча чечимди жокко чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот да колдогон.

Жазуучу соттун чечимине арызданып Конституциялык сотко үстүбүздөгү жылы 16-февралда арызданып кайрылган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Конституциялык сот Капалованын «матчество» боюнча даттануусун карайт

Жогорку сот Алтын Капалованын балдарынын документинде «матчествону» калтыруудан баш тартты