Муфтий: Матчествого өтүү улуттун тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн

Муфтий Замир Ракиев Кыргызстанда 18 жашка толгон ар бир жаран өз каалоосу менен атасынын атынын ордуна апасынын атын алышына макул эместигин билдирди. Ал «мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн» деп эсептейт.


Замир Ракиев. Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Ракиевдин билдирүүсү муфтияттын сайтында жарыяланды.

«Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат. Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген», — деди Ракиев.

Анткен менен статистика Кыргызстанда жыл сайын жаңы пайда болгон төрт үй-бүлөгө бир ажырашуу туура келерин көрсөтүп турат. Мындай учурда балдар көбүнесе апасынын колунда калат.

Балдарын биологиялык аталарынын көмөгү жок тарбиялап жаткан балдар жазуучусу, сүрөтчү жана активист Алтын Капалова дагы ушундай эле турмушка кабылган. Алар балдарына алимент төлөп, тарбиясына катышышкан эмес.

Бирок Ракиев балдарга атанын ысымын бериш керек, себеби бул Куранда жазылган шарт деп эсептейт.

«Атасын билбегендер “жети атасын билбеген, жетесиз кул” деп катуу айыпталган. Кыргызда “тексиз кул” дегенден өткөн оор сөз болгон эмес. Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет.

Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! “Кыргызда кыздын аты улук” деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык», — деп билдирди Ракиев.

Мындан тышкары, муфтий матчествого өтүү «баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет» деп эсептейт.

Ракиевдин дагы бир аргументи: «тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт».

«Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн», — деди ал.

Азырынча Конституциялык соттун матчество иши боюнча чечиминин түшүндүрмөсүнө ылайык, жарандар 18 жашка толгондон кийин гана документтеринде энесинин атын ала алат. Сот жарандар дал ушул куракта «турмушка объективдүү баа берип, өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болот» деп эсептейт.

«Эгер жаран тигил же бул себептерден же болбосо башынан өткөн оор турмуштук кайгылардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл алууну каалабаса, атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш», — деп айтылган Конституциялык соттунун түшүндүрмөсүндө.

Капалованын иши

Алтын Капалова эки жылдан ашык убактан бери жашы жете элек балдарынын расмий документтерине матчество катары өз ысымынын ыйгарылышына ээ болуу укугу үчүн күрөшүп келет. Ал балдарга төрөлөрү менен дароо матчество берүү укугу берилиши үчүн эл аралык сотторго да кайрылмакчы.

Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошкон.

Мамкаттоо кызматы матчествону жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген. Тагыраагы, балдарды төрөп, аларга тарбия берген эненин эмес, эркек туугандын гана атын колдонууга болот.

Жазуучунун иши бардык сот инстанцияларында каралган, бирок чечимдер анын пайдасына чыккан эмес.