Президент мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти — аны коштоп баргандар

9-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголиянын Улан-Батор шаарына жөнөп кетти. Өлкө башчынын басма сөз кызматынан аны кесиптеши Ухнаагийн Хурэлсух чакырганын маалымдашты.

Садыр Жапаров.

Сапардын алкагында Жапаров Монголиянын президенти, премьер-министри жана мамлекеттик хуралынын төрагасы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Аны менен катар, өлкө башчысы бир катар иш-чараларга катышып, өнөр жай ишканаларына барары күтүлүүдө.

Президентти Монголияга коштоп кеткендер:
  • Айгүл Жапарова — президенттин жубайы;
  • Жээнбек Кулубаев —  тышкы иштер министри;
  • Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Муратбек Азымбакиев — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Айбек Артыкбаев — Кыргызстандын Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
  • Умбриэль Темиралиев — президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;
  • Самат Насирдинов — айыл чарба министринин орун басары;
  • Эмил Осмонбетов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Өткөн жылы Монголия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнө 30 жыл толгон. Анда бул эки элдин ортосундагы тыгыз мамиле жана кызматташтык үчүн маанилүү күн болуп калары белгиленген.