Эсеп палатасы Мамкурулуш мекемесиндеги 600 млн сомдон ашык финансылык бузууну аныктады 

Эсептөө палатасы Мамлекеттик курулуш башкармалыгында жүргөн аудит учурунда, 2021-жылы мекемеде 656 млн 52 миң сомго финансылык бузуулар болгонун аныктады. Бул тууралуу палата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылды

Маалыматка караганда, Мамкурулуш мектептердеги оңдоп-түзөө иштеринин баасын жогору көрсөтүп, кызматкерлерге мыйзамсыз сый акы жана кошумча төлөм берип келген. 

Баасы жогору көрсөтүлгөн курулуш иштеринин көлөмү менен бааларынын суммасы 60,1 млн сомду түзгөн. Анын 32,8 млн сому мамлекеттик бюджеттен болсо, калган 21,9 млн сому Сауд өнүктүрүү фондунун «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун акчасы болчу. 

Отчётторго ылайык, 2015-2020-жылдары мектептердин көбүнүн курулуш баалары белгиленген чектен 201,5 млн сомго ашып кеткен. Мындан тышкары,  төрт мектепти оңдоо иштерине деп белгиленген баа 34,8 млн сомго (1 чарчы метрине 23төн 71 миң сомго чейин) жогорулатылып көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, 2021-жылга карата 6,9 млн сомго капиталдык оңдоо иштери талап кылынган 127 объект тууралуу да белгилүү болгон. Палатадан алардын социалдык-экономикалык натыйжалуулугун текшерүү талабы бар экенин белгилешти. Анткени бул тизмеде көрсөтүлгөн 85 мектептин 44ү шашылыш түрдө курулушту талап кылынган авариялык абалдагы мектептердин тизмесинде камтылган эмес.   

Ошол эле учурда 245 авариялык абалдагы мектептердин ичинен 2020-2022-жылдары салынган беш мектеп гана толук камтылган. 

Мындан тышкары, аудиттин жыйынтыгында жумуш орундарынын тизмеси кайра каралбастан, зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөр берилгени аныкталган. Мамкурулуштун Борбордук аппараты боюнча үстөк акылар 1,6 млн сомду түзгөн, ал эми «Бишкек башкы архитектура» мекемесинин башкы башкармалыгы боюнча — 5,8 млн сом. Анда да кызматкерлерге негизсиз эле 7,6 млн сомго сый акы төлөнүп берилген. 

Мамкурулуш тарабынан пландалган долбоорлор жеткиликтүү иш жүзүнө ашырылбагандыктан Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен түзүлгөн насыялык келишимдерге ылайык, 22 долбоор боюнча насыялык каражаттарды резервге коюу үчүн бюджеттен банкка комиссия төлөнүп берилген. Комиссиянын жалпы суммасы 129 млн сомду түздү.

Автору: Медина Шамшидинова