Монголияда Кыргызстандын биринчи элчилиги ачылды

Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы биринчи элчилиги ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Элчиликтин салтанаттуу ачылышы 11-июль күнү, президент Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапары учурунда өттү. Ал Монголияда 9-11-июль күндөрү болду.

Кыргыз бийлиги Монголия менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүү максатында бул өлкөдө элчилик ачууну чечкен. Элчилик ачылганга чейин Кыргызстандын Монголиядагы таламдарын Кыргызстандын Кытайда жайгашкан элчилиги көрсөтүп келген.

8-июлда Жапаров жарлык чыгарып, Айбек Артыкбаевди Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кылып дайындаган. Буга чейин Артыкбаев тышкы иштер министринин орун басары болгон.