Ош: Ыдырыс Исаковдун сабалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскартылды

Исаковдун видеосунан алынган скриншот

Журналист Ыдырыс Исаковдун съёмка учурунда сабалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 12-июлда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалымака ылайык, окуя «майда бейбаштык» катары бааланып, ага байланыштуу административдик жаза көрүлөт.

«Мен эксперттердин корутундусун карап чыктым. Анда кыска мөөнөткө үзгүлтүккө алып келбеген ден соолукка жеңил залал келтиргени үчүн 5,5 миң сомго чейин айып салынары айтылат. Мени сотко чакырышкан жок, чакырса дагы барбайм. Мен үчүн окуяда сөз болгон пансионаттын мамлекетке кайтарылышы маанилүү», — деп Исаков өзү 24.kg басылмасына комментарий берди.

12-июнда Исаков Ош пансионатынын менчиктештирилип кеткен мүлктөрү тууралуу материал даярдап жатканда мекеменин мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов тарабынан сабалган. Видеону журналист өзүнүн соцтармактагы барагына бөлүшкөн.

Окуядан көп өтпөй Ош облусунун медиа жаатындагы журналисттер президентке кайрылып, Исаковго кол салган адамды жоопко тартууну талап кылып, мамлекет башчыдан бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранышкан.

Ал эми 27-июнда Исаковго дайындалган экспертиза анын жаракат албаганын көрсөткөн.

Мурдараак, 8-июнда Исаков Ош шаарындагы пансионаттын менчиктештирилип жана кароосуз калганы тууралуу «Жетекчилерге жем болгон пансионат» аттуу материал жарыялаган.

Анда 2003-жылы 24 гектар аянтка ээ пансионаттын учурдагы аянты 21 гектарды түзөрү анык болгон. Андан сырткары иликтөөдө мамлекеттин менчигиндеги эс алуу максатында ачылган имараттар устакана жана мейманканага айланып, ижарага берилип кеткени маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жаракат аныкталган жок». Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча экспертизанын жообу чыкты

Журналист Исаков аны чапкан Ош пансионатынын экс-жетекчисине карата милицияга арыз жазды