«Жаракат аныкталган жок». Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча экспертизанын жообу чыкты

Исаковдун видеосунан алынган скриншот

Съёмка учурунда Ош пансионатынын мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов тарабынан сабалган журналист Ыдырыс Исаковго дайындалган экспертиза анын жаракат албаганын көрсөттү. Бул тууралуу «Клоопко» 27-июнда Ош ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча тергөө иштери жүргүзүлөт. Ал эми бул факт боюнча кылмыш иши козголбогону белгилүү болду.

12-июнда Исаков Ош пансионатынын менчиктештирилип кеткен мүлктөрү тууралуу материал даярдап жатканда мекеменин мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов тарабынан сабалган. Видеону журналист өзүнүн соцтармактагы барагына бөлүшкөн.

Мурдараак Исаков Ош шаарындагы пансионаттын менчиктештирилип жана кароосуз калганы тууралуу «Жетекчилерге жем болгон пансионат» аттуу материал жарыялаган.

Анда 2003-жылы 24 гектар аянтка ээ пансионаттын учурдагы аянты 21 гектарды түзөрү анык болгон. Андан сырткары иликтөөдө мамлекеттин менчигиндеги эс алуу максатында ачылган имараттар устакана жана мейманканага айланып, ижарага берилип кеткени маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналист Исаков аны чапкан Ош пансионатынын экс-жетекчисине карата милицияга арыз жазды