Журналист Исаков аны чапкан Ош пансионатынын экс-жетекчисине карата милицияга арыз жазды

Маалымат 16:10до жаңыланды

12-июнда иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош пансионатынын менчиктештирилип кеткен мүлктөрү тууралуу материал даярдап жатканда мекеменин мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов тарабынан сабалды. Маалыматты «Клоопко» журналист өзү тастыктады.

«Окуя азыр эле болду. Милиция чакырдык, көрсөтмө берип жатам. Азыр жакшы элемин», — деди Исаков.

Журналист 12-июнда соцтармактагы барагына видео жарыялаган. Анда Ош пансионатынын мурдагы директору Койчукулов журналистти бетине бир жолу чаап, «Күбөлүгүң барбы? Көрсөт! Мени тартканга эмне акың бар?» деп кыйкырып, муштаганга аракет кылганын көрүүгө болот. Ал эми Исаков эркин журналист экенин жана «тартууга бардык укугум бар» деп жооп берген.

Ал эми Ош шаардык милициясы учурда журналисттин денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Буга чейин, 8-июнда Исаков Ош шаарындагы пансионаттын менчиктештирилип жана кароосуз калганы тууралуу «Жетекчилерге жем болгон пансионат» аттуу материал жарыялаган.

Анда 2003-жылы 24 гектар аянтка ээ пансионаттын учурдагы аянты 21 гектарды түзөрү анык болгон. Андан сырткары иликтөөдө мамлекеттин менчигиндеги эс алуу максатында ачылган имараттар чайкана, устакана жана мейманканага айланып, ижарага берилип кеткени маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды

Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары чакыртылганын билдирди

Ош: Журналист Ыдырыс Исаков салык кызматынын инспекторунун арызы боюнча суракка чакырылды