Депутат Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов президенттик жана парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып салууну сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга чыгарылды.

Эл өкүлү «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкө аймагындагы бардык жарандарга, жүйөөлү себептери бар жарандарды кошпогондо, 5 миң сом айып салууну сунуштады. Бирок мыйзам долбоорунда жүйөөлүү себептердин критерийлери келтирилген эмес.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Австралия, Бразилия, Түркия сыяктуу бир катар Европа өлкөлөрүндө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопко тартуу практикасы колдонулары айтылат. Икрамов айып салуу чарасын киргизүү адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт деп эсептейт.

«Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», — деп айтылат документте.

Кыргызстанда акыркы шайлоолордо добуш берүүгө келгендердин саны аз болуп жатат.

Мисалга, жыйынтыгы жокко чыккан Бишкектин Ленин шайлоо округу боюнча кезексиз шайлоодо 124 миңден ашуун шайлоочунун ичинен болгону 17 миң 423ү (13,95%) добуш берген.

Ал эми 2021-жылы өткөн акыркы президенттик шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү болгону 39,75%ды түзгөн. Алардын ичинен азыркы иштеп жаткан президент Садыр Жапаровдун талапкерлигине 79,2%ы добушун берген.

Башкы сүрөт: Даниль Усманов