Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Европарламенттин Кыргызстандагы ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басым жөнүндө талкууланган резолюциянын кабыл алышынын артында «саясий кызыкчылыгы бар адамдар турушат» деп билдирди. Бул тууралуу мамкатчы «Кабар» мамлекеттик маалыматтык агенттигине курган маегинде айтты.
Касмамбетовдун пикиринде, европалыктар «кыргыз деген улут өзгөчө улут экенин дагы деле жакшы биле элек».
«Кыргыздар миңдеген жылдардан бери адам укугу, сөз эркиндиги дегенди эң бийик орунга коюп келген жана мындан ары дагы коё берет. Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги чектелди деген күндүн эртеси төңкөрүш болот. Муну октон, оттон коркпогон кыргыз эли үч жолу далилдеди. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Ошондуктан тынсызданууга эч кандай негиз жок», — деди мамкатчы.
Ал жарандар көчөдө жана соцтүйүндөрдө «эркин сүйлөп атканын» мисал келтирди.
«Айрымдары президентти ашатып сөгүп атканын көрөсүң. Ушунун өзү эле сөз эркиндиги эмей эмне? Башка эч бир өлкөдө социалдык тармактар аркылуу президентин сөккөнүн көргөн жокмун», — деп кошумчалады Касмамбетов.
Ал Европарламенттин резолюциясындагы Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист жана укук коргоочуларды бошотуу боюнча чакырыгы камтылган пункт боюнча да оюн айтты.
Мамкатчы Европаламенттин «өлкөнүн [Кыргызстандын] ички иштерине кийлигишкенге таптакыр акысы жок» деп белгиледи.
«Германиянын депутаттары [талкуу учурунда] өтө активдүүлүгүн көргөзүп атышты. Андай болсо Германияда деле 20дан ашык адамды төңкөрүш уюштурушмак экен деп бир заматта камап салышты го. Эмнеге аларды айтышпайт? Же Геманияга камаса боло берет, Кыргызстан камаса болбойбу? Экөө бирдей эле иш. Эч айырмасы жок. Бул деген сөз Германия тынч болуш керек, Кыргызстанда тополоң болуп туруш керек деген Европарламенттин арам ой саясаты деп түшүнсөк болот», — дейт Касмамбетов.
Касмамбетов Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе туура эмес чечилгенде эл жапырт көчөгө чыкмак деп эсептейт.
«Туура чечилип жатканын көргөн көпчүлүк эл колдоп турушту. Албетте ушул учурду пайдаланып кетели деген күчтөр аракет кылышты. Бирок эл колдобой койду. Өздөрү камалып кетишти. Эми соттун чечимин күтүшүбүз керек. Балким акталып кетишет, ким билет?» — деп жыйынтыктады сөзүн мамлекеттик катчы.
Европарламенттин резолюциясы жана Бишкектин реакциясы
Европарламенттин депутаттары 13-июлда өткөн жыйында Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине карата басым тууралуу резолюциясын кабыл алышкан. Документте Кыргызстанда 2022-жылдын январынан тартып адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген.
Резолюцияда кыргыз бийлигине ЖМКга карата басымды токтотуу, жарандык коомдун уюмдарына жана журналисттерге коопсуз иш шарттарын түзүп берүү, ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен укук коргоочуларды токтоосуз түрдө бошотуу чакырыктары айтылган.
«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова резолюцияга комментарий берип, бул Кыргызстанга «акыркы эскертүү» болуп эсептелерин билдирген. Анын пикиринде, эгер кыргыз бийлиги Еврпопарламенттин чакырыктарына көз жумуп койсо, санкциялар кабыл алынып, Кыргызстан экономикалык обочодо калышы ыктымал.
Ал эми ТИМ резолюция «өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта» чагылдырат деп билдирген. Мекеме резолюцияны «объективдүү эмес», «бир жактуу пикирге негизделген» деп атаган. Ошондой эле резолюциянын «күтүүсүз» жана «шашылыш түрдө кабыл алынганына» өкүнүчүн билдирген.