ТИМ: Европарламенттин Кыргызстан боюнча резолюциясы «бир жактуу жана объективдүү эмес»

Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган Кыргызстандагы ЖМК жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндөгү резолюциясына карата өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу 13-июлда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык мекеме резолюция «өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта» чагылдырган деп эсептейт. Министрликтин маалыматына ылайык, документти даярдоодо резолюциянын демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сураган эмес.

«Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат. Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген [“Чет элдик тыңчы”, ЖМК жана НКО жөнүндө] мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрлик Кыргызстан «позитивдүү динамиканы сактап калуу жана өнөктөштүн пикирин эске албаган мындай бир жактуу чечимдерге карабастан» Европа Биримдиги менен кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин өзгөчө баалай турганын кошумчалады.

«Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда», — деп кошумчалады ТИМ.

Европарламенттин резолюциясы

Европарламенттин депутаттары 13-июлда өткөн жыйында Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине карата басым тууралуу резолюциясын кабыл алышкан. Документте Кыргызстанда 2022-жылдын январынан тартып адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген.

Европарламент резолюцияда Кыргызстандын бийлигин Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык негизги эркиндиктерди, анын ичинде ЖМК жана пикир билдирүү эркиндигин урматтоого жана колдоого чакырган.

Ошондой эле Европарламент Кыргызстанды «ЖМК жөнүндөгү», «Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» (президенттин администрациясы демилгелеген), «Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү» (депутаттардан турган топ демилгелеген), балдарга «зыяндуу» маалымат таркатуу үчүн айып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун артка чакыртып алууга үндөгөн. Андан тышкары, резолюцияда туш келди кармалган бардык укук коргоочуларды, ЖМК кызматкерлерин жана журналисттерди токтоосуз түрдө бошотуу, ошондой эле Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировго жана Next TV телеканалынын мурдагы жетекчиси Таалайбек Дүйшөнбиевге тагылган айыптарды алуу чакырыгы айтылган.

Мындан тышкары, алар кыргыз бийлигин ЖМКга басымын токтотуп, жарандык коомдун уюмдарына, журналисттерге жана ЖМКнын кызматкерлерине коопсуз иш шарттарын түзүп берүүгө үндөшкөн.